БИЗ КОРРУПЦИЯСЫЗ ЖАШАЙБЫЗ!!!

Жакында декабрь айынын башында  «Коррупцияга каршы » күнүнө карата  Талас шаардагы «Жолчубек уулу Урмат атындагы » №9-орто мектебинин 9-«б»классына  мектептин соц педогогу   Мамырова Фарида эженин «Биз коррупциясыз жашайбыз»  аттуу  ачык сабагы өттү.

 

Сабакка мугалимдер жана массалык маалымат кызматынын өкүлдөрү катышты. Сабактын  негизги өзөгү коррупциясыз жашоого болобу?  деген  нукта өтүп, көпчүлүктү кызыктырган суроолор жана ой толгоолор  ортого салынды.  Сабактын экинчи бөлүгүндө окуучулар өздөрү тартып келген дубал газеталарын  чечмелеп, плакаттар жана батмандар менен иштешти.  Ар бир окуучу өзүнүн оюн  айтып, парасыз жашоо жүрсө боло тургандыгын тастыкташты.

Сабактын соңунда  «Биз коруппциясыз жашайбыз» деген  ураанды алып чыкты.

(«Багыт-ПРЕСС»)