Шаардык бюджеттин приоритеттери белгиленди

 Жакында Талас шаардык кенешинин кезектеги XIX сессиясында Талас шаарынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджети кабыл алынды. Төмөндө  шаардык бюджеттин бир жылдык чыгашасын бөлүштүрүү жөнүндө ой бөлүшүү маскатында Талас шаардык кенешинин төрагасы М.Есенкуловго бир нече суроолор менен кайрылдык:

        Мирлан Ишенбекович, жакында Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин кезектеги сессияныздарда карап бекитип бердиниздер, жалпы бюджет чыгашалар боюнча канча сумманы түздү?

Талас шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо жалпы 11 5015,6 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча да 11 5015,6 мин сом суммасында бекитилди. Мындан сырткары 11 752, 9 мин сом 2017-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетти аткарууда  кирешенин чыгашадан ашыкча түшкөн жана үнөмдөлгөн суммасы бөлүштүрүлүп бекитилди. Жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүдө мүмкүн болушунча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соцфондго чегерүүлөр, тамак-аш, аз камсыз үйбүлөөлөр жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүүлөрдөн сырткары шаардын коммуналдык кызмат көрсөтүү, муниципалдык менчик башкармалыгы, спорт, маданият жана билим берүү тармактарына олуттуу маани берилди.

       Мирлан Ишенбекович, айтсаныз жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүп бекитүүдө приоритет катары өзгөчө көнүл бурган учур деп кайсыны эсептейсиз?

-Туура суроо бердиниз, анткени Талас шаарында кубаттуу ири өнөр жай ишканалары же  өндүрүш тармагы болбогондуктан жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү чакталуу. Бирок ошого карабастан  шаарды туруктуу өнүктүрүү үчүн алдыга приоритеттүү план тапшырмаларды коюп бюджетти максаттуу пайдаланса албетте өз натыйжасын бербей койбойт. Ошол себептен азыркы депутаттык корпус,(Талас шаардык кенешинин VII  чакырылышында 5 саясый партиядан шайланган 31 депутаттан  турат) жергиликтүү аткаруу бийлигин жана мекеме уюм ишканалардын ишмердүүлүгүн тармактык профилдик көзөмөлгө алуу менен бирге жергиликтүү бюджетти максаттуу пайдаланууга өзгөчө көнүл бурууда. Өткөн жылы курамы жети депутаттан турган  Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясы бюджетти бөлүштүрүүдө приоритет катары шаардын тазалыгы жана жарыктандыруу маселелерине  акча каражаттарын бөлгөн. Натыйжада, жыл ичинде шаардын борбордук бөлүгү жана айрым ички көчөлөргө чейин тактап айтканда Б.Баатыр, К.Нуржанов аллеясы, А.Оторбаев, А.Огомбаев, Ш.Шеркулов, Ж.Мырзалиев, И.Сарыгулов, Үмөт Молдо, Ж.Турсалиев, Токтогул, Э.Мадиев жана Ч.Мамбетов атындагы областык оорукананын көчөсүнө чейин  жарыктандырылды. Мындан сырткары базардын тегерегин тартипке келтирүү, автоунаалардын жүрүүсүн жөнгө келтирип, жарандарга коопсуз шарттарды түзүү багытында жолду бөлүп туруучу тосмолорду коюу  боюнча  иш аракеттерди көрүү үчүн акча каражат бөлүнгөн. Бул боюнча кышында тосмолор  жасалып, жаз алды менен орнотуу жумуштары башталды. Мына ушул багытта быйыл дагы жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүп бекитүүдө  приоритеттик максаттар улантылып,  шаардын тазалыгын камсыздоо, башкача айтканда таштанды салуучу бактарды жасап орнотуу жана базардын тегерегиндеги жумуштарды бүтүрүү үчүн акча каражаттар каралды.

Мындан сырткары шаардын мектептерине жана мектепке чейинки мекемелеринин ишин жакшыртуу, шаарыбызда үч нөөмөттө окуп жаткан мектептерге,  тактап айтканда №3 мектепке үч класстык кошумча корпуст куруу боюнча акча каражаттар бөлүндү. Ошону менен бирге  быйыл  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясын көрктөндүрүү жана Ч.Айтматовдун айкелинин постаментин ондоо иштерин жүргүзүүгө  ири суммадагы акча каражаттары каралды. Эгер ушул багыттагы иштерге   тендерлер  өз убагында мыйзам чегинде өткөрүлүп, каралган акча каражаттары максаттуу пайдаланылса,  албетте өзүнүн жакшы натыйжасын берет деген ишенимдемин. Бул боюнча өз кезегинде депутаттардын тармактык профилдик комиссиялары тарабынан көзөмөлгө алынып, жергиликтүү бюджет боюнча кабыл алынган токтомдун аткарылышы жөнүндө кезектеги сессиянын күн тартибинде каралат.

        Мирлан Ишенбекович, сиз жогоруда мектептер жана мектепке чейинки мекемелердин ишин жакшыртууга приоритет караты көңүл бөлүндү деп калдыныз, бала бакчалардын жетишсиздиги  шаарда көйгөйлүү  маселе экендиги жашыруун эмес. Шаардын батыш жагына бала бакча куруу боюнча кандай аракеттер бар?

-Албетте, шаарда бала бакчалардын жетишсиздиги бүгүнкү күндө көнүл борборундагы  негизги маселелерден болуп турат.Буга чейин дагы  шаардын  батыш тарабына бала бакча куруу көйгөйүн чечүү максатында Талас шаардык кенешинин 24.12.2013-жылында №61/9-6 сандуу токтому менен Талас шаарынын Э. Мадиев көчөсүнүн №63, №63“а” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4612,5м.кв. жана 2 кабаттуу башкы корпустун аянты 544,7 м.кв (70 пайыз физикалык оңдоп түзөөгө муктаж) имаратын бала-бакча куруу үчүн сатып алууга макулдук берилген жана област тарабынан уюштурулган марафондон чогултулган акчанын  жетпей калган суммассы Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасынын эсебинен 2 255,0  миң сом акча каражаты бөлүнүп, обьект   муниципалдык менчикке өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бала бакча үчүн сатылып алынган имарат Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын  реестринде турат. Шаардык аткаруу бийлиги бул боюнча инвестиция тартуу жолун пайдаланып, сатылып алынган имаратты реконстукциялап ишке берсе болот деген ойдомун.

Мына, быйыл дагы шаарда бала бакча куруп ишке берүү максатында акча каражаты бөлүнүп, Ч.Сатаев көчөсүндөгү союз убагында бала бакча катары салынып иштеген, кийин мекемелерге кенсе катары пайдаланылып келген имаратты кайрадан реконструкциялап ишке берүү жагы тапшырылды. Имаратка быйыл Талас район, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу тендер жарыяланып, жасалып, ишке берилсе 80-100 гө жакын балдарды кабыл алса болот.

      Мирлан Ишенбекович, маанилүү маегиниз үчүн сизге чон рахмат. Ишиниздерде албан ийгиликтер болсун.

-Рахмат.

                                                                                                       Маектешкен: А.Сариева