ТАБИЯТ МЕНЕН ТАТТУУ МАМИЛЕ

Жакында «Ак Тилек»  ресторанында   «Иш жүзүндө  коомчулуктун катышуусу менен  экологиялык  милдеттерди чечүү» деген темада  Эл аралык Орхос  Конвенциясынын  сапаттык натыйжасын жогорулатуу боюнча «тегерек стол»  өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу  курчап турган  чөйрөнү коргоо  жана  токой  чарбасы мамлекеттик  агенттигинин  Талас аймактык башкармалыгынын башчысы  Б.Кадырбеков, «Талас КЭУ Альянсы» ассосациясынын  жетекчиси Т.Момунбеков, Бишкектеги Орхоз  борборунун жетекчиси  А.Нурбеков жана массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү катышышты.

Анда  экология жаатындагы  көйгөйлөр,  мамлекеттик түзүмдөрдүн  эл аралык   жана коомдук  уюмдардын иш алып баруулары туурасында сөз болуп, журналисттерди кызыктырган суроолор  берилип жооптор алынды.

(«Багыт-ПРЕСС»)