ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!

13-декабрда  “Айкөл”  Атуулдук  демилгелерди өнүктүрүү  коомдук бирикмеси  массалык маалымат каражатынын  өкүлдөрү менен  биргеликте  “Кыздарга жана  аялдарга болгон зордук-зомбулукту жоюу жана  адам сатууга бөгөт коюу ” деген темада  “Тегерек стол ” өттү.

“Тегерек стол ду”   “Айкөл”  Атуулдук  демилгелерди өнүктүрүү  коомдук бирикмесинин  жетекчиси  Г.Темирбекова  ачып алып барды. Ал,  миграция боюнча  Эл аралык “USAID”  Уюму тарабынан  “адам укугу жана кадыр- баркы” деген регионалдык  долбоордун алкагында       “Айкөл”  Атуулдук  демилгелерди өнүктүрүү” коомдук бирикмеси   2017-жылдын  октябрь айынан тартып, адамдарды  сатуунун алдын алуу максатында  калкты  легалдуу   түрдө   жумушка орноштуруу  эрежелери  тууралуу   ишти жогорулатууга  багытталган   маалыматтык  компанияларды,  социалдык   медиаларды өткөрүп  келе жаткандыгына  токтолду.

“Тегерек столдо” журналисттерди кызыктырган суроолор ортого салынып,  жооптор берилди.

(“Багыт-ПРЕСС”)