Жолдо жүрүү эрежесин үйрөнөлү

              2017-жылдын  31-июлунда  Талас шаарында «Жаңы коом  жол кыймылын тандайт»  деген долбоордун ачылышына  арналган  пресс-конференция  өттү.

Конференцияга  Кыргыз Республикасынын  Талас областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн   басма сөз катчысы  Б.Садыров, Жарандык союздун координатору, долбоордун жетекчиси  Г.Исбасарова, «Эл Наз» коомдук фонддун директору Э.Кемелбеков,   фонддун  өкүлү  А.Иманбекова,  жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери катышышты.

Долбоордун негизги максаты балдарга   жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүүдө  көмөк көрсөтүү,  жолдо жүрүүчүлөрдүн жана айдоочулардын  катышуусу менен  жоопкерчиликти күчөтүүгө өбөлгө түзүү .

          Бул  туурасында Г.Исбасарова  долбоор  фокустук  аймак болгон  «Кара-Буура» районундагы  «Аманбаев» айыл аймагында  2017-жылдын 17-июлунан 17-ноябрына чейин   жүргүзүлөрүн, балдардын жол коопсуздугун алдын алуу  аракеттери кичи гранттар  программасынын негизинде  “Бириккен Улуттар Уюмунун  Наркотик жана  кылмыштуулук боюнча  башкармалыгынын,  (UNODC)”   жана  “Реформалар  жана жыйынтык үчүн” жарандык союзунун каржылоосу менен  «Эл Наз» коомдук фондусу тарабынан ишке ашырылаарын айтты.

«Эл Наз» коомдук фонддун директору Э.Кемелбеков: соңку  5 жылда Кыргызстанда  жол жүрүү көйгөйү өтө  актуалдуу  болууда. Мунун натыйжасында  статистика боюнча жылына жол кырсыгынан  1200 дөн ашуун адам  каза болуп,  10 000 жакыны ар кандай жаракат алат.  Кыргыз Республикасынын  ИИМин  маалыматынын негизинде 2016-жылы  5868 жол кырсыгы катталып, 938 адам  каза болсо, 8892 адам жапа чеккен. Тилекке каршы  бул көрүнүш жылдан жылга өсүүдё деген ойун билдирди.

Конференция журналисттерди кызыктырган   суроо- жооптор  менен  уланды.

(“Багыт-ПРЕСС