Биздин коллектив

          ИБРАГИМОВ Токтогул Абдыбалиевич

1949-жылдын 6- февралында Талас районундагы “Таш-Арык” айылында туулган. 1956-1964-жылдары “Долоно” сегиз жылдык мектебин, 1964-1966-жылдары “Кырк-Казык” орто мектебин аяктайт.

Эмгек жолун 1966-жылы Фрунзе шаарындагы “Кыргызспецстроймеханизация” трестинин СУ-7 курулуш ишканасында жумушчу болуп баштайт.

1968-1970-жылдары Советтик Армиянын катарында(Тажикстан, Душанбе) аскердик кызматын өтөп келип Фрунзедеги “Кыргыз энергетика илим изилдөө” бөлүмүндө лаборант, ага лаборант болуп эмгектенип жүрүп, 1973-1978-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүрөт.

1978-1981-жылдары Талас районундагы №6-СПТУда  кыргыз тили жана адабияты мугалими.

1981-жылдын 1-июнунан тартып басма сөз маалымат каражат тармагында эмгектенет. Талас район-шаардык “Лениндик Туу” (“Эмгек шаңы”) газетасында айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы,  1991- 1998-жылдары Талас областтык “Талас турмушу” газетасынын башкы редакторунун орунбасары, 1989-2001-жылдары Талас шаар-райондук “Заман нуру” газетасынын башкы редактору, 2001-2002-жылдары Талас областынын губернаторунун басма сөз катчысы, 2002-2005-жылдары Талас областтык телерадио компаниясынын төрагасы, 2006-жылдан бери Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасынын башкы редактору.

Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты (1984), Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-2006-жылдары Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун Талас бөлүмүнүн төрагасы.  Документ-даректүү 3 китептин автору, авторлошуп 9 документ даректүү басылмаларды даярдап чыгарган. 12 көркөм поэзия жыйнагынын редактору.

Айылдык кеңештин (2002) депутаты, СССР журналисттер союзунун 7 сьездинин (1991) делегаты, Талас шаарынын делегациясынын тутумунда Туркиянын Талас (2013) жана Тавас (2016) шаарларында достук сапары менен болгон.

“За трудовое отличие” (1974)  жана “Манас-1000”  (1995) юбилейлик медалы менен сыйланган.


                   БАТЫРКУЛОВ  АЗИЗ НУРЛАНОВИЧ

Зам. редактор

1989-жылдын 25-апрелинде  Талас областынын Талас районундагы  Калба  айылында төрөлгөн.

1996-жылы  ошол айылдын М.Козубекова атындагы орто мектебинин босогосун аттап,   ошол эле жылдын күз айларында аттан жыгылып,   күтүүсүз кырсыктын айынан   оор  абалдагы операция болуп,     бир жылга чукул   ооруканда  жатып,  баштагы калыбына  келиш үчүн  догдурлардын зор аракети  жумшалган.  Догдурлардын айтымында  ЧМТ диогнозу койулган. Кийин кудайдын  шыпаасы менен  акырындык менен калыбына келип,   1998- жылы кайрадан 2- класстан окуусун уланткан.  Мектепти 2007-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол  жылы  Талас мамлекеттик университетинин  Гуманитардык факультетинин  Филология  адистигине тапшырган.  Бул адистикке тапшырганынын  себеби,  анын  2006-жылдан баштап ыр жазып, поэзия айдыъына түшё баштаганым болду.

Университете окуп жүргөн маалда   бир катар кароо-сынактарга  катышып, 1- 2- орундарга татыган.  Мисалы: 2010-жылы А.Токтогуловдун   жаркын элесине арналган   поэзия кечесинде  Т.Казаковдун колунан 2- орундун сыйлыгын алса,  ошол эле жылдын  декабрь айында өткөн «Арнайм сага апаке»  сынагында  1-орунду н ээси болгон.  Мындан тышкары окуудагы жетишкендиктери үчүн университеттен  «Ардак громаталар» берилген .   3-курсттан баштап окуудан кийин «Дабан» редакциясында  сырттан кабарчы болуп, «Дабан-Кут калем коомдук бирикмесине» катышып, жазган ырлары үчүн   ыраазычылык баракчасы алган.

Окууну бүткөндөн кийин 2012-жылдан 2014-жылга чейин  өз айылында  М.Козубекова  атындагы орто мектебинде кыргыз  тили жана адабият мугалими болуп иштеп,  2013-жылы  жубайы Абдылдаева Асел менен баш кошкон. Кийин турмуш шартка байланыштуу Талас шаарына көчүп келип, 2014-жылдан  баштап Талас шаардык «Жаъы багыт» газетасында эмгектенип келет.  Учурда  аткарган кызматы башкы редактордун  орун басары. 2015-жылы  «Талас шаарынын социалдык-экономикалык маданий өнүгүүсүнүн  каада-салтын  калк ичинде насыйкаттоого  кошкон салылым үчүн »  «Жылдын мыктысы-2015» наамына татыды.  2016-жылы «Ыр дүйнө-ынтымактын башаты»  аттуу  поэзия сынагына катышып,  өкүлчүлүктүн атынан  сертификатка ээ болгон.

Үй-бүлөдө  беш бир туугандын улуусу.  карындашы Акбермет учурда  жолдошу Нургазы менен  Америкада.   Иниси Темирлан  Бишкек  шаарында тиш догдур болуп эмгектенет.   Андан кийинки иниси Атай  8-класстын окуучусу.  Үйдүн эъ кичинеси көкүрөк күчүгү Диана 7-класста.  Атасы Батыркулов Нурлан  учурда «Билимкана»  билим берүү борборунда айдоочулук кызматта.  Апам Батыркулова Зинаида  үйдө.


                                      Дизайнер газеты:
                   Асанходжаев Машрапходжа Умарович
Дата рождения: 17.12.1985
e-mail: mashrap84@mail.ru

Трудовой деятельность:

Октябрь 2003г – Март 2005г

Игровой клуб “Orion”
Должность: Помощник системного администратора
Функциональные обязанности :
• Обучения системного администратора
• Установка, настройка, оптимизация системного программного обеспечения
• Создания резервных копии данных
• Восстановления данных
• Осуществление подключения, тестирования, профилактических работ,
ремонта, модернизации средств вычислительной техники.

Август 2007 г. – Март 2008 г

Интернет клуб “Ворон”
Должность: Системный администратор
• Администрирование офисного программного обеспечения
• Обеспечение антивирусной защиты ПК
• Подключение и настройка работы оргтехники, модемов
• Техническое обслуживание ПК, сети

Ноябрь 2008 г. – Компьютерный магазин “Hitech”
Март 2009 г. Сфера деятельности: Продажа электронного оборудования.
Должность:
Сборка и установка ПК.

Сентябрь 2009 г. – Февраль 2015 г

ЧП Асанходжаев “Компьютерные услуги”
. Должность: Специалист по обслуживанию компьютерной техники.
Функциональные обязанности
• Ремонт компьютеров, ноутбуков
• Ремонт мониторов, материнских плат, видео карт
• Ремонт жестких дисков, и блоков питании
• Восстановления данных с любых носителей информации
• Установка всех видов программных обеспечение

Октябрь 2015 г. по наст. время Дизайнер газеты редакции “Жаңы багыт”

Профессиональные навыки: Знание всех семейств ОС Windows, офисных пакетов Microsoft Office 2003/2007/2010/2013, видео монтажных, графических программ, навыки работы с периферийным оборудованием, оргтехникой и т.д.