Баткен областынын өнөрпоздору Таласта

Кече  Талас шаарынын  А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде  Баткен областынын  Талас областындагы  маданият Күндөрү башталды.

Анда Баткен областынан  келген  кол өнөрчүлөрдүн, уздардын  эмгектери, кыргыздын улуттук кийимдери, шырдактары, туш кийиздери, комуздар,  Баткен өрүгүнүн түрлөрү,жүзүм, жаңгак дүйүм жер жемиштер    көргөзмөгө коюлуп, көрүүчүлөрдүн назарын бурду.

Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Баткен   областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары  Ч.Саттарова  жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Талас областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Ч. Төрөкулов,   А.Жаркыналиева, Талас шаарынын мэри А.Джузупбеков,Талас  областык ардагерлер кеңешинин  төрагасы М.Мамбеталиев, райондордун акимдери, шаардык мекеме ,уюм, ишканалардын,  жетекчилери катышышып, куттуктоолорун айтышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Баткен   областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары  Ч.Саттарова,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Талас областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө  Баткен жергесинин көрүнүшүн чагылдырган сүрөттү белек катары тапшырды.

 

Иш чара  Баткен областынын өнөрпоздорунун концерттик номери менен уланды.

Алыскы  жерден келген чыгармачыл топ  бүгүн  заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун кичи мекени “Шекер”  айылында  болот.

Кыргыз Республикасындагы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өтүп жаткан маданият Күндөрүнүн жүрүшүндө Талас областынын Баткендеги Маданият Күндөрүнө даярдыктар жүрүүдө.

(“Багыт-ПРЕСС”)