Балдар эс алууга көмөк алышты

           Бүгүн, онунчу августа, Талас шаарында быйылкы «Ыйман, адеп жана  маданият» жылынын  алкагында аткарылып жаткан маданий  иш-чаралардын  катарын толуктаган  окуя  болду.

Талас шаардык мэриясы Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана апрель окуясынын катышуучуларынын балдарынан турган топту кереметтүү Талас токойунда, шаркырап аккан Талас дайрасынын боюнда жайгашкан   «Барчын» лагерине салтанат менен ата-энелири узатышты. Он беш бала  он күн бою үч маал ысык тамак менен камсыз болушуп, ар түркүн оюн-зоок менен алектенишет.

Акысыз  жолдомо менен жөнөгөн балдардын чыгымын жогорудагы уюм менен жергиликтүү бийлик каржылады.

(«Багыт-ПРЕСС»).

Сүрөттө: Алдыда бизди эс алуу күндөрү күтөт. Узатуу учуру.