«Баластан» балдарга билим берүү борбору

ҮЛГҮ АЛА ТУРГАН  ИШТЕР БАР…

Таланттарды такшалткан  борбор

Байыртан элибизде  «Талас жери таланттарга бай» деп айтылат. Анын сыңарындай Талас шаарындагы «Баластан» балдарга билим берүү борборунун таланту окуучулары да талпынып өсүп келе жатат. Борбордо  бир эле учурда бийчиси, сүрөтчүсү, комузчу, музыкант деги койчу,  көптөгөн  таланттуулар тарбияланат.  Албетте, мындай  таланттардын канатын тарап , алардын  аракетин  ого бетер  арттырган борбордун жетекчиси   Чолпон Сарыгулованын  эмгеги эбегейсиз. Анда сөз  ошол жаш таланттар жараткан  ийгиликтери жөнүндө болсун.

Борбордун “Даткайым” бийчилер тобу жана  башка  өнөрлүү балдары  үстүбүздөгү жылдын май айында Түркия мамлекетинде, Балакыр, Айбала,Стамбул  шаарларында   10 күнгө созулган “Эл достугу” аттуу  фестивалдга катышып,    улуттар аралык достукту чыңдап,кыргыз желегин желбиретип келишти.

Мындан сырткары  жаш таланттар тобу быйыл Көл кылаасында өткөн фестивалга да катышып,өз өнөрлөрүн көргөзө алышты. Ушул эле жылдын август айында Кипр шаарындагы фестивалга да катышып келишкен.  Окуучулар фестивалдан кийин деңизге түшүп, жер кыдырып,саякат жасап алты күнгө жакын Лифкоша шаарында болушкан. Негизинен бул шаардын байыртан келаткан эки аталышы бар. ( Лифкоша жана Никасия). Түрк жерине болгон саякатында  окуучулар көптөгөн досторду таап,алар менен алака түзүп, тажрыйба алмашып  мекенине көңүлдүү кайтышты. Алар  Талас шаарына келгенден кийин, жаңы күч, жаңы дем менен “Баластан” балдарга билим берүү борборунун окуучулары менен биргеликте « Шаг на встречу» деп аталган ыктыярчылар клубун түзүштү. Ал эми аракеттин аркасы жемишин берип,  жакында 5- декабрда Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата клубдун ачылыш аземи өттү.

Алгач, клубдун катышуучулары “Көк- Ой” айылындагы реоблитациялык борборго барып, балдардын акыбалы менен таанышып, алар менен ой бөлүшүп кайтышты.

Бул клубдун азырынча 15ке жакын катышуучусу бар, каалоочулар болсо дагы да жазылса болот, клубка бир эле бийчилер эмес, ар тармактагы таланттуу, эл- жерин сүйгөн жаштар катышса болот. Клубтун келечеги кең, аткарар иши али алдыда  дейт  уюштуруучуларынын бири Асыл Залкарова.

Албетте, жаштардын мындай аракети, жетишкендиги көңүл кубантарлык иш.  Ушундай ийгиликтердин жаралышы биринчиден борбордун жетекчиси Чолпон Сарыгулова жана анын жалпы  эмгек жамаатынын үзүрлүү эмгегинин натыйжасы.

Айтмакчы, бул борбордо Гончарова Елена Евгеньевнага окшогон мыкты, тажрыйбалуу мугалимдер аз эмес.  Гончарова Елена Евгеньевна мектепке чейинки « Балакай» балдарды даярдоо курсунун мугалими. Анын   көп жылдык эмгеги, жогорку сапаттагы  сабактары мамлекет тарабынан   мыкты деп  табылып, быйыл  «Жыл мугалими» наамына ээ болгон. КР Премьер- министринин колунан 50 миң сом акчалай сыйлык, ноутбук жана « Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алды. Бишкек шаарында өтүүчү  Республикалык  деңгээлдеги мугалимдердин “мастер классына” катышуу  укугуна ээ болду.

Баян  соңунда  борборго  ийгилик каалап, мындан дагы өркүндөй  бериңиздер демекчибиз!  Сиздерге  алгылыктуу иш,  кажыбас кайрат,  жаңы изденүүлөрдү каалайбыз!

“Багыт-ПРЕСС”,

(Сүрөттөр Борбордун архивинен алынды)