АТАКТУУ ЖӨӨ КҮЛҮКТҮН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛДЫ

Жакында Талас шаарында Кыргыз элинин белгилүү  уулдарынын бири,  атактуу жөө күлүк Анатай Ибраимовду эскерген  республикалык мелдеш тогузунчу жолу  өттү. Ага республикабыздын туш тарабынан келишкен  ар кандай курактагы спортчулардан ардагер  жөө күлүктөрдүн катышканы кызыгуу жаратты. Узак аралыкка жүгүрүүдөгү мелдештин жыйынтыгында Таластын намысын коргогон “Таза суу” муниципиалдык ишканасында инженери болуп иштеген,   68 жаштагы Эдил Бейшекеев өз тобунда байгелүү экинчи орунду ээледи.

Элүү  жылдан бери ушул тармакта эмгектенип, бай тажрыйба топтоп, урмат –сыйга татыган Эдил Бейшекеевке кайрылганыбызда буларга токтолду:

Спорт, асыресе жеңил атлетика менен жаш курагымдан  бери машыгам.  Студент  кезимде  көп эле турнирлерге катышып, далай  ийликтерге жетишкем.   2015-жылкы марафондо Ак-Сай айылынан Талас шаарынын борборуна чейинки аралыктагы жарышта   1-орунду ээлегем.     Буйруса,   спортту  таштабай, такай машыгып,  келечектеги мелдештерде да жеңишти колдон чыгарбаганга аракеттене берем деген ойдомун. Анткени,   спорт- бул   адамга жаштыкты, ден-соолукту  тартуулап, өмүрүнө  сергектик  берет. Азыркы жаштарга  ар дайым спорт менен  машыккыла,  ден-соолугуңар чың, өмүрүңөр узун болот, жаман адаттардан арылтат  демекчимин. Менин спортту кадырлаганым-  жаштарга  үлгү болсо деген ниеттемин.

 

(“Багыт-ПРЕСС”)